ОшМУнун теология факультети менен Анкара Йылдырым Бейазыт университетинин теология факультети биргелешип уюштурган “Мавераннахрдан Анатолияга ислам аалымдары: Караханиддер доору” аталышындагы эл аралык конференцияга чакырабыз!
Конференция 2025-жылдын 16-19-октябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Конференцияга онлайн катышууга да болот.
Уюштуруу тобу
Ардактуу кеңеш
проф. Кудайберди Кожобеков - Ош мамлекеттик университетинин ректору
проф. Али Женгиз Көсеоглу - Анкара Йылдырым Бейазыт университетинин ректору
PhD Медербек Кадыров - ОшМУнун теология факультетинин деканы
проф. Нури Адыгүзел - Анкара Йылдырым Бейазыт университетинин теология факультетинин деканы
PhD Асилбек Абдуганиев - Ош мамлекеттик университети, теология факультети
Санжарбек Тажибаев - Ош мамлекеттик университети, теология факультети
Айсулуу Адылбек кызы - Ош мамлекеттик университети, теология факультети
Баяндамалардын тематикасы
Мавераннахр аймагында Караханиддерге чейинки абал
Караханиддер доорунда башка мусулман өлкөлөрдүн абалы
Караханиддер доорунда саясий абал
Тафсир/кыраат илими жана аалымдары
Хадис илими жана мухаддистер
Фикх илими жана факихтер
Калам/философия илими жана аалымдар
Суфизм жана тасаввуф илими
Тарых-география илими жана тарыхчылар-географтар
Тил/адабият илими жана тилчилер/адабиятчылар жана акындар
Сүрөт искусствосу жана сүрөтчүлөр
Юсуф Хас Хажиб жана Кутадгу Билиг
Махмуд Кашкари жана Кут алчу билим
Эдип Ахмед Юкнеки жана Атабетул-хакаик
Ахмад Ясавий жана Дивани хикмат
Баяндаманы даярдоонун талаптары
Баяндаманын аннотациясынын форматы
Баяндамалар түрк, кыргыз, англис жана орус тилдеринде жөнөтүлүшү мүмкүн. Баяндаманын аннотациясында баяндамачынын илимий даражасы жана наамы, аты-жөнү, мекемеси (университет, факультет, бөлүм ж.б.) e-mail адрес жана байланыш номерлери камтылуусу керек.
Аннотация 250-300 сөздөн туруусу керек жана баяндаманын темасы, максаты, көлөмү, методу жана натыйжалары жөнүндө маалыматтар камтылуусу керек.
Катталуу жана аннотацияны жиберүү онлайнжүргүзүлөт.
Баяндаманын тексттери Microsoft Word программасында, 2,5 см жээк боштуктарын таштоо менен, Times New Roman шрифтинде, 11 өлчөмдө 1,5 сап аралыгы менен жазылуусу керек.
Темаларды аталышы жоон шрифт менен жазылуусу керек.
Бардык баяндамаларда англисче аннотация жана ачкыч сөздөр камтылуусу зарыл
Баяндаманын толук текстинин форматы
Баяндаманын толук тексти колдонулган адабияттарды кошкондо 4000-7000 сөздөн туруусу керек.
Баяндаманын толук тексттеринде аннотация, киришүү, корутунду жана колдонулган адабияттар орун алуусу зарыл.